Бишкек, "Саясат. kg". Кылмыш ишинин фигуранттарына - кылмышты уюштургандар эмес, аткаруучулар айланышат. 

Кыргызстанда тендерлер ишканалардын жана уюмдардын жетекчилеринин таасирисиз өтөөрүнө ким ишенет? Биз баарыбыз мамлекеттик сатып алуулардын процедураларындагы коррупциялык схемалар аныкталганда айыптын баары тендердик комиссиянын башчыларына тагылып, соттолуп, алардын үй-бүлөлөрү жабыркаганын көрүп жүрөбүз. Ошондой эле, комиссиянын катардагы мүчөлөрү да мындай шыбагадан куру калышпайт. Мындай пикирин саясат талдоочу Бакыт Бакетаев билдирди. 

"Алар көз каранды болушкандыктан, чындыкты айтышып, жетекчилеринин кылыгын ачыкка чыгара алышпайт. Мына ошондуктан, кылмыш ишинин фигуранттарына ошол кылмышты уюштургандар – көмүскө пайда тапкандар эмес, аткаруучулар айланышат. 

Мыйзам чыгаруу деңгээлинде комиссиялардын чечимдерин кабыл алуудагы жоопкерчилигин уюмдардын жетекчилигине жана министрлерге жүктөө мезгили келди. Алар мамлекеттик сатып алуулар боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы үчүн жооп бериши керек.

Бул жаатта президент Садыр Жапаров жакшы үлгү көрсөттү: ал кызматына киришип жатып өлкөдө болчу окуялардын баары үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. 

Ал эми президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкер кеңеши эмне менен алектенип жатканын эч ким билбейт", - деди Бакетаев тендер тууралуу пикирин билдирип жатып.