Бул тууралуу бүгүн КР Айыл жана суу чарба министрлиги билдирди 

Айыл чарба министрлиги малды ведомствонун ветеринардык кызматынын электрондук системасына идентификациялоо үчүн инвентаризация башталганын айтып, чечим ошол себептен кабыл алынганын айтты.

Бул өлкөдө канча мал бар экенин билип, ветеринардык жана санитардык нормалардын сакталышына көзөмөлдү жогорулатуу үчүн керек. 

Инвентаризация 15-20 күнгө созулат, андан кийин мал кайра экспорттоло баштары айтылды.  

Эске салсак, өлкөдө эттин, өзгөчө уй этинин баасы кескин кымбаттап кеткен.

Булак: Sputnik-Kyrgyzstan