Ө. Токтонасыров: Андай болбосо, келип күйүп-бышып айтмак.

 

 

- Атамбаев сотко келүүдөн караманча баш тартып жатат. Экс-президенттин бул позициясын колдосо болобу? Камактагы экс-ажонун “мени сотко күчтөп алып келсе, ачкачылык жарыялайм” дегени, анын артынан адвокатынын: “бул анын ден-соолугу үчүн коопттуу, тамак жебесе кийинкиси жаман болот”- деп жарыялагыны жогору жакка сес көрсөтүүбү же өз укугун коргообу?

 

 

- Ал сотко келүүдөн баш тартып жатабы демек, күнөөсү бар. Андай болбосо, келип күйүп-бышып айтмак. “Өнөрүн” ошол жерден көргөзмөк. Менимче, башкы фигурант катары мажбурлап алып келишет. Ачкачылык менен коркутуп жатат. Кармай берсин. Ушундай жол менен болсо да  укугун коргогусу келет да. Канчалык актанбасын, жеке мен анын мыйзам алдында жооп берүүсүн каалар элем. Жөн эле адалсына бербөө керек адам болгондон кийин.

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. Kg” гезити