Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 20-январь күнү саат 22:01де Кыргыз Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Арык айылдарында 3 балл, Өзгөн шаарында 2 балл, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.