Коррупцияга, мыйзамсыз иштерге каршы күрөш жакшы жүрүп жатат. Бажы кызматы тарабынан көптөн бери иштеп келаткан кылмыштуу схеманын бети ачылды. Схемага ылайык, автоунаа каражаттары Кыргызстандын аймагына кирбей жатып эле фиктивдүү, жалган документтердин негизинде каттоого алынып турган.  Анын мамлекеттик бюджетке келтирген зыяны 258 млн. сомду түзгөн.

Аталган схема кандай иштеген? ЕАЭБдин алкагындагы бир өлкө аркылуу интернеттен авто унаа сатылып алынып, анын идентификациялык номерлери ЕАЭБдин ичиндеги башка өлкөгө жөнөтүлүп турган. Алар автоунаа каттоого алынгандыгы боюнча жалган документтерди жасашып, автоунааны сатып алгандарга кайра жөнөтүшкөн. Андан ары документтер Кыргызстанга жөнөтүлүп, КРнын аймагына кире элек автоунаа  каттоого алынып, мамлекеттик номелерди берип турушкан. Алынган документтер менен номерлер эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жөнөтүлүп, Кыргызстандан чыккан автоунаалар катары ЕАЭБдин аймагында ээн-эркин жүрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити