Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен: Бишкек шаары боюнча - 39 Жалал-Абад шаары боюнча – 3, Ош шаары боюнча - 11, Нарын шаары боюнча - 8, Ноокат району боюнча - 2, Ата-Башы району боюнча - 7 жаран кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Кара-Суу жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

"Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2646 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавирубайланыштус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын облусуна караштуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунда дагы киргизилди. Тиешелүү жарлыктарга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Булак: Кабар