Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов  билдирди.

“Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен 1 сырттан келген (Россиядан кайткан), 3 – оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан”, - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары К.Мамбетов.

2020-жылдын 1-апрелинде жаңы катталган бейтаптар: 

Жалал-Абад ш. – 1
Сузак району – 1
Кара-көл ш. – 1
Чүй облусу – 1

Республика боюнча вирус жуктургандардын жалпы саны 111 .  Аладрдын ичинен коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59у аял киши, 52си эркек киши.