Мындай пикирин ал 5-мартта парламенттин жалпы жыйынында билдирди:
"Биз алдыны көздөй жылышыбыз керек. Экономикада жашылдандыруу, жаңылануу деп жакшы позитивдүү ойлор айтылып жатат. Ушундай учурда кээ бир болуп жаткан митингдер жана башка иш-чаралар, тилекке каршы, кедергисин тийгизип келүүдө".
Депутат 2012-жылы Кыргызстанда тынч чогулуштар жөнүндө атайын мыйзам кабыл алынганын, ар бир жаран өз оюн эркин билдирүүгө акылуу экенин, ошол эле мезгилде баары мыйзам чегинде болушу керектигин кошумчалады.
Кыргызстанда соңку саясий акция Бишкекте абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылган митинг болду.
Ала-Тоо аянтында 2-мартта өткөн иш-чаранын соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде сотко чейинки өндүрүш баштаган.
Булак: Азаттык