Депутат Урмат Самаев («Кыргызстан») Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда Кой-Ташта жаракат алган Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкуловдун абалы тууралуу сурады.
Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев эң негизгиси С.Курманкулов өзүнө келгенин айтты.
«Акча каражаты бөлүнүп жатат, мамлекет чыгымдарды өз мойнуна алды. Кесиптешибиз Москвада дарыланып жатат», - деди ал.
Ал депутаттын суроосуна жооп берип жатып: «Бир аз жакшы болуп калды. Медицина кызматкерлеринин маалыматы боюнча, ал абдан оор жаркат алган, калыбына келиши үчүн көп убакыт керек», - деди.
С.Курманкулов 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таштагы окуядан баш мээсинен жаракат алган. Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунан ага эки жолу операция жасалган.
11-августта Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунда Самат Курманкуловдун абалы боюнча дарыгерлердин кеңешмеси өткөн.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеге Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун адистери — Полупан Александр Александрович жана Латышев Ярослав Александрович катышкан. Кеңешмеде аны Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которуу чечими кабыл алынган болчу.
Булак: Баракелде