Жогорку Кеңештеги бир топ депутаттар Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаити менен жеке тааныштыгы бар. Бул тууралуу парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Азаттыктагы» маегинде билдирди.

Депутаттын айтымында, Саймаити менен өлкөдөгү үлкөн саясатчылардын, депутаттардын тыгыз байланышы болгон.

«Саймаити өлтүрүлгөн соң социалдык тармактарда талкуу болуп жатканда «мен аны таанычумун» деп ачык айттым. Ал эми Ош облусунда көпчүлүк чоң кызматтагылар, депутаттар аны таанышкан. Алар тааныш экенин ачык айта алышкан жок. Болбосо байланышы болгон. Ал эми мен ачык айтканым үчүн УКМК суракка чакырып, кандай жагдайда таанышканы жөнүндө суроолорду беришти», — деди Сулайманов.

Депутаттын айтымында, Айеркен Саймаити менен бизнес менен алектенген жакындары аркылуу таанышкан.

2019-жылы «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги жарыялаган Кыргызстандан көмүскө чыгарылган миллиондогон доллар тууралуу иликтөөлөрдө Саймаити бир канча билдирүү жасаган. Ошол жылы ноябрда өзү Стамбулда атып өлтүрүлгөн.

Ошондон кийин Кыргызстанда Саймаитиге 2017-жылы болгон кол салуу боюнча кылмыш иши козголуп, депутаттык комиссия түзүлгөн.

Кылмыш ишинин алкагында депутаттар Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМКга сурак берип чыккан.

Булак: elgezit.kg