Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө күн мурун, 20-февралда болжол менен саат 21:51де Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Тамчы айылдарында 3 балл, Өрнөк, Чырпыкты, Чоң-Сары-Ой айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Булак: Кабар