Адвокат Нурбек Токтакунов ИИМге кайрылып коопсуздугун камсыздап берүүнү талап кылды. Бул тууралуу Жарандык көзөмөл комитети билдирди. Андагы маалыматка таянсак 14-декабрда Токтакуновдун айдоочусу Азамат Ильязовго эртең мененки саат алтыда кол салуу болгон.  

“Айдоочунун үйүнө  белгисиз эркектер кол салышкан. Саат таңкы 6да Азамат Ильязовдун үйүн белгисиз бирөөлөр каккылашкан. Андан кийин ага  кол көтөрүшкөн. Азамат милиция чакырганга аргасыз болгон. Бирок милиция чакырыктан кийин болжол менен бир сааттан соң гана келген. Азамат Ильязовго ким кол салды, ошондой эле анын үйүнүн дарегин ким айтып берди – тыкыр иликтеп, бизге билдирүүгө чакырабыз”, - дейт аталган комитет.

Ошондой эле адвокатка жашыруун билдирүүлөр келип, анда Токтакуновдун Кыргызстандан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. 

Эске салсак Нурбек Токтакунов Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз баюусу боюнча Башкы прокуратурага кайрылган. 

Ошондой эле ушундай эле жашыруун коркутуп-үркүтүүлөр адвокат Замир Жоошевге да болуп жатканы айтылды.