"Атамбаевдин күрүлдөп турган убагы. Анда ал киши биздин жыйындар залына кирип келгенде өзгөчө ордунан тура калган кишилер бар эле. Сүйлөп жатса баштарын ийкегилеп, кол чаап кубаттап, ал эми сөзүнөн кийин, танапис убагында тамеки чегип турган убакта ошол эле коллегаларым Атамбаевдин кеменгерлигин, даанышмандыгын бизге түшүндүрүп жатса бир чети алардын Атамбаевге берилгендигине суктанып кетчимүн. Анда биз Атамбаевдин ар бир туура эмес ишин көзгө, болбосо безге сайып көрсөтө айтып турчу элек. Бизди жаман көрүшөөр эле. Бийлик болгон күчүнө таянып, иш козготуп, опузалап, омууролоп, жаманатты кылып турчу. Ага болбой кыйкырып турчубуз.


Анан эле Атамбаевдин да башына кара булут айланды. Атаңгөрү баягы ага чаң жугузбай мактап жүргөндөр биринчи болуп аны талап баштаса болобу! Биз биякта эле калдык! Ошондо оозум ачылды. Көрсө өзүнүн колунан келбей, кошамат кылып, колуна суу куюп, же деңгээли жетпей ошого ичи күйүп тардыккандар чалынганда биринчи болуп асылышат экен да. Кудум Мауглидеги чөө Табакиге окшоп "Акела промахнулся, Акела промахнулся" деп куйругун шыйпаңдата башкаларга чакырык таштап тегерене жаланып тургандарын көрдүм. Дассыкан, улуу өзүн сыйлаган саясатчылар тек гана турушту. Бизге окшоп ыдык көргөндөр бирин экин айтты окшойт.


Кудайга шүгүр ал "чөө маданияты" калың элге жете элек. Бирок коомду да ал ооруу аралап келе жатат. Душманың болсо да, чалынып алдыңда жатса адамдык касиетти биринчи коюш керек. Дүйнөнү кечиримдүүлүк жеңет, айкөлдүк жеңет, нагыз бийиктик ошол. Кыргыз маданиятынын да уңгусу ушунда турат деп ойлойм. Бүткүл дүйнөнү да ушул нерсе кармап турат", - деп жазды депутат Садык Шер Нияз Фейсбуктагы баракчасына.