Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Райымбек Матраимовдун мүлкү эмнеге узак убакыттан бери текшерилип бүтпөй жатат деген суроого Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жооп берди. 

 

Айтымында банктык жана мүлк боюнча текшерүүгө көп убакыт керектелет. Ошондой эле текшерүү бир гана Матраимов боюнча болуп жаткан жок, 2018-жылы башталган  декларациялык кампаниянын алкагында  10 миңге жакын адамга текшерүү жүргүзүлүүдө.