Кыргызстан акыркы учурда 1950-жылдардагы Сицилияга окшошуп баратат. Бул тууралуу депутат Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

 

Айтымында Кыргызстанда кылмыштуулук өсүп жатат. 

 

"Жакында "Мадина" базарындагы ишкер өлтүрүлдү. Дагы бир ишкердин болгондо да стратегиялык объект "Манас" абамайданынан сөөгү табылды. Түркияда Айэркен Саймаитини аткандардан Кыргызстандын паспорту табылды. Бул окуялардан эмне деп жыйынтык чыгаарды да билбейсиң. Эртең Россияда Батукаев элчиликке тийиштүү номер кадалган автоунааны айдап жүрөт десе да унчукпай отура беребизби?" - деди депутат. 

 

Ошондой эле депутат бүгүн түштөн кийин премьер-министр катышкан жыйында Стамбулдагы окуя боюнча Кыргызстандын укук коргоо кызматынын маалыматын угууну сунуштады. Аны бир катар депутаттар колдоду. 

 

Кытайлык ишкер Айэркен Саймаити Түркияда өлтүрүлгөн жана анын өлүмүнө шектүү үч адам кармалып, экөө Кыргызстандын жараны болуп чыккан.