Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" партиясынын депутаты Азизбек Турсунбеков журналистке орой жооп кайтарганы үчүн коомчулуктун сынына кабылууда. Кloop.kg сайтынын журналисти Ата-Түрк паркына караштуу аймактан жер алган депутатка суроо салган. 

 

На изображении может находиться: 1 человек, сидит и текст

"Сиз Ата-Түрк паркындагы мыйзамсыз берилген жерден тилке алган экенсиз? Бул тууралуу эмне дейсиз?" - деген журналисттин суроосуна депутаттын айтаарга жообу жок беле, орой кеп менен кутулгандан башка чарасы калбаган. 

 

"Кет бул жактан деп жатам!" - деген да артына карабай басып кеткен. 

 

Соцтармакта Азизбек Турсунбековдун маданиятсыз экенине басым жасалууда. Пикир калтыргандардын айрымдары депутатты беш жыл парламентте кармагандан көрө этика боюнча окутса жыйынтыгы жакшыраак болмок дешти. 

 

Жарандык активист Мелис Аспеков флешмоб башталганын кабарлады: 

 

"Флэшмоб баштадым: Ушул акмак Азизбек Турсунбаев "Кыргызстан" партиясынын депутаты, журналист кызды, итти айдагандай "Иди отсюда" деп кубалаптыр. Токтоосуз мандатын тапшырышын талап кылалы. Болбосо "Кыргызстан" партиясын шайлоодо чогуу байкот кылалы". 

 

БШКнын мурдагы төрагасы Туйгуналы Абдраимов дагы Чүй облусунун губернатору болуп турганда журналист кызга орой кайрылган. Бул коомчулуктун ачуусун келтирип, журналисттер губернатордон кечирим сурашын талап кылышкан. Жыйынтыгында Абдраимов кечирим да сурап, кызматын да тапшырып берген. 

 

Мелис Аспековдун экинчи посту мындай болду: 

 

#САМ_ПОШЁЛ_ВОН Заставим сегодня Азизбека Турсунбаева просить прощения у журналистки из Клооп, если сегодня он сам не попросит прошения, давайте завтра в 10:00 утра выйдем на митинг у белого дома и будем требовать сложить мандат этого хама.

 

На изображении может находиться: 1 человек, сидит