Акүй алдына Сокулук районунун Новопавловка айылынын эли митингге чыгышты. Алар өкмөт ушул кезге чейин жер маселесине чекит кое албай жатканына нааразы болушууда.
Митингдин катышуучуларынын айтымында алар 2005-жылы жер тилкелерин алышкан, бирок ушул кезге чейин ал жерлер трансформация болбой жатат.
"Биз үнүбүз жеткендердин баарына кайрылуу жолдодук. Өкмөткө, депутаттарга, президентке арманыбызды айттык. Бирок бирөөсүнөн да жооп болгон жок. Депутаттар элдин көйгөйүн чечебиз деп ушул жерге келишкен. Андай болсо чыгышсын, көйгөйүбүздү угушсун, маселебизди чечип беришсин", - дешти ачууланышып.
Митингчилер депутаттар Иса Өмүркулов, Жанар Акаев, Тазабек Икрамовдун аттарын атап, сыртка чыгуусун талап кылып кыйкырышты.
Колдорунда "Депутаттарга, өкмөткө, мыйзам чыгарган чиновниктерге эл нааразы!", "Урматтуу премьер-министр Абылгазиев! Кыштан бери митингге чыккан элдин тагдыры сизди кызыктырбайбы?! Элдин көйгөйүн чечиңиз!" деген жазуулары бар плакаттарды кармап алышкан.
А Акүй тарап азырынча тынч...