Экономиканын анык өсүшү дагы («Кумтөр» кенин эсепке албаганда) 3,5 пайызды түздү. Ал эми жыл жыйынтыгы боюнча керектөөчү баалардын индекси мурдагы жылдын декабрына карата 0,5 пайызды түзгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

 

Каржы министринин орун басары Марлен Амандыковдун айтымында айтымында, 2018-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 135 млрд 504 млн сомго жетти же ал планга карата 95,7 пайызга аткарылган. (Отчеттук мезгил аралыгында республикалык бюджеттин салык кирешелеринин көлөмү 103 млрд 736 млн сомду түздү же планга карата 96,1 пайызга аткарылды. Ал эми салыктык эмес кирешелер 22 млрд 551 млн сомду түзгөн же ал планга карата 98,9 пайызга аткарылды», - деди ал.

 

Андан тышкары, 2018-жылдын республикалык бюджеттин жыйынды чыгымдары 122 млрд 140 млн сомду түзгөнү же ал планга карата 95,2 пайызга аткарылганы белгилүү болду. Ал эми мамлекеттик бюжет 6 млрд 188 млн сом тартыштык менен аткарылган, анын ичинде: республикалык бюджет – 6 млрд 453 млн сом, жергиликтүү бюджет – 264 млн сом профцит.

 

Депутат Тариел Жоробеков реcпубликалык бюджет эмне үчүн 2 млрд 100 млн сомго аткарылбай, кандай себептерден улам мынчалык ири каражат каражат өздөштүрүлбөй калганына кызыгып, анын негизги себептерин атап берүүсүн өтүндү.

 

Баяндамачы 2 млрд 100 млн сом өлчөмүндөгү каражат жыл аягындагы калдык экенин билдирди.

 

«Бюджеттин корголгон статьялары боюнча каражат үнөмдөлүп калды. Анын башкы себеби бош вакансияларга маяна төлөнгөн жок, айрым тендерлер өз маалында өтпөй калды. Ошондон улам, каражат толугу менен өздөштүрүлгөн жок», - деди ал.

 

Депутат өткөн жылдагы мүчүлүштүктөр быйыл дагы кайталанып жатканын эске салып, бекитилген суроо-талаптар өз учурунда каржыланбай келатканын белгиледи. «Бул көйгөйдү жылда эле кайталай беребизби? Өкмөт минте берсе, бюджеттин корголгон статьялары 100 пайызга каржыланбай калат», - деп кошумчалады Тариел Жоробеков.