КР Юстиция министрлиги «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-беренесинин 8-пунктуна өзгөртүү киргизүү демилгелөөдө. Анда   банктарга, жеке жактарга карызы бар жарандар ээн эркин Кыргызстандан башка мамлекеттерге тоскоолдуксуз кете берүүсүнө жол ачкан нормалар бар. 

 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.  

 

Талкууда депутат Исхак Масалиев бирөөдөн же банктан карыз акча алып чет өлкөгө качып кетсе, карыз берген адам же банк жабыркабайбы деген суроону коюп, бул жагдай менен коррупцияга жол берилип калат деген пикирин билдирди. Мындай ойду улаган депутат Марлен Маматалиев жарандык маселелерди бөлүп-бөлүп кароо керектигин белгиледи. Бир катар эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун колдоого алып, айтылган сын-пикирлерди долбоор 2-окууда каралганда эске алуу боюнча баяндамачылар менен орток пикирге келишти.

 

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.