Бүгүн өкмөт башчы парламентке келип чек арадагы абал боюнча маалымат бермек. Спикер Жумабековдун сунушу менен өкмөт башчынын маалыматы ММК өкүлдөрүсүз каралмай болду. 

Бир гана Исхак Масалиев маселени жабык кароого каршы чыкты. Ал чек ара жалпы өлкөгө таандык экенин, демек ага байланышкан маселелер менен эл кабардар болушу керектигин айтты. Анткен менен депутаттардын басымдуу бөлүгү спикердин сунушун колдоду.