Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, КСДП партиясынын жамааттык кайрылуусу Аскер прокуратурасына жиберилди. Аскер прокуратурасы Кой-Таштагы окуяда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн айыпталып жаткан Курсан Асановго карата ачылган кылмыш ишинин алкагында кайрылуудагы фактыларды текшерет.
Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, 7-8-августтагы окуяда жасалган кылмыштар боюнча сегиз сотко чейинки өндүрүш бар. Алар "Киши өлтүрүү", "Бейбаштык", "Массалык башамаландыкты уюштуруу" жана "Барымтага алуу" беренелери боюнча. Шектелген 12 адам бул тууралуу кабардар болушкан жана сот алардын баш коргоо чарасын карап, айрымдары абакта калтырылса, кээ бири үй камагына чыгарылган.
Ал эми партиянын жаматтык кайрылуусуна Аскер прокуратурасы тарабынан юридикалык баа берилет. Ал эми окуяда жараат алгандар жөнүндө маалыматты ИИМ териштирет.
Эске салсак, КСДП партиясынын кайрылуусунда УКМК жана ИИМ башчыларына жана "Альфа" атайын кызматтын жетекчилигине кылмыш ишин козгоону талап кылышкан.