Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында тергө аягына чыкты. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди. Айтымында, тергөөчүлөр тергөөнүн аягына чыкканын расмий түрдө билдиришкен. Кылмыш иштеринин материалдары менен таанышышкандан кийин иш сотко өткөрүлөт.

 

Сергей Слесарев Атамбаев суроолорго такыр жооп бербей жана документтерге кол койбой жатканын белгиледи.

 

“Ал мындай кылуу менен мыйзамдын, Конституциянын жана өзүнүн укугу менен кызыкчылыгы бузулганына нааразычылык билдирип жатат. Кечээ тергөөчүлөр тергөө аягына чыкканын айтышы, материалдарды Алмазбек Атамбаевге жана бизге, жактоочуларына таанышуу үчүн беришти. Жалпысынан 27 томдон турат”, - деди адвокат.