Садыр Жапаровдун уулу Дастан жол кырсыгына кириптер болгон маалда анын жанында мотоциклдин жүргүнчүлөр отурчу жайында бараткан кыздын акыбалы белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 1998-жылы туулган К.Д. аттуу кыз 22-августта Чүй облустук бириктирилген ооруканасына келип түшкөн.
Кыздын баш мээси жабыркап, бет сөөгү сынып, маңдай сөөгүнүн ичи жабыркаган. Учурда жабырлануучу дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.
Эске салсак, кырсык 22-августта болгон. Дастан Садыр уулу жумушунан чыгып мотоциклди айдап баратып, жеңил автоунаа менен кагылышкан. Автоунаанын айдоочусу С.Э. аттуу жаран унаасын башкара албай мотоциклди сүзүп, жыгылып калган жабырлануучуну үстүнөн тебелеп кеткен. Дастан Садыр уулу алган жараатынан кечээ, 26-августта көз жумду.