Ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы массалык башаламандык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2019-жылдын 7-8-августундагы массалык башаламандыкка Фархад Баабиевдин катыштыгы бардыгы аныкталды.

 

Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти. 

 


2019-жылдын 16-август күнү Баабиев Ф.Ж. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 2-бөлүмүндө (массалык башаламандыкка катышуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалып, ага карата Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун чечими менен 9-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.