УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев суракка чакырылганын ИИМ жарыялады. 

 

Маалыматка караганда, Сегизбаевге чакырык берилди. Ал суракка ИИМдин тергөө башкармалыгына 13-августта келиши керек. Азырынча, ал кайсы иштин негизинде чакырылып жатканы ачыктала элек. 

 

Айрым маалыматтарга караганда, Сегизбаевди 7-8-августта Кой-Таш айылындагы массалык башаламандык учурунда "Альфа" атайын бөлүмдүн кызматкерлерин барымтага алуу боюнча кылмыш ишинин негизинде чакырылды. 

 

Ошондой эле, маалымат каражаттарынын кээ бири Абдил Сегизбаевдин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө үлгүргөнүн да жазышкан.