Мурдагы президент Атамбаевдин тарапташтары Алга Кылычев менен Амантур Жамгырчиев кармалды. Бул тууралуу Кой-Таштагы элдик штабдын өкүлдөрү билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, кечээ түнү ИИМдин Тергөө башкармалыгынан Темирлан Султанбеков, Эрмек Окенов, Мээрбек Мискенбаев жана Тилек Абдиев сурак берип чыгышкан. Ал эми Алга Кылычев менен Амантур Жамгырчиев кайсы иштин негизинде кармалганын элдик штаб билбейт. 

 

Буга дейре Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов, элдик штабдын жетекчиси Кыяс Смалиев кармалган. КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева, депутаттар Ирина Карамушкина жана Асель Кодуранова, экс-депутат Равшан Жээнбеков суракка алынгандан кийин бошотулган.