"Кыргызстанда Швейцарияга айлантабыз деп койобуз, чынында эле ошондой кыла алабызбы? А айланабызда жаткан таштандыларды кантебиз?", - деди депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин жыйынында. 

 

 

Ал борбор шаардын ичи анча-мынча тазалангансып жатканы менен шаар четиндеги жолдор таштандыга толуп калганын билдирди. 

 

 

«Таштандыдан арылуу үчүн биринчи кезекте таштандыларды иштете турган ишкана куруу зарыл. Борбодук бийлик да, жергиликтүү бийликтер да бул багытта тезинен иштиктүү чараларды көрүүгө тийиш», - деди депутат.