Кыргызстанда 2300 адам персоналдык пенсия алышат. Бул тууралуу Соцфонддун башчысы Медер Исраилов маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматка караганда, 2019-жылдын 1-январында өлкө боюнча пенсия алуучулардын саны 651, 2 миң адамга жетип, ага 3 миллиард 800 миллион сом которулган. Ар ай сайын пенсиялык төлөмдөр 300 миллион сомго жогорулайт.
Кыргызстандагы эң жогорку пенсия 20 миң сомдон ашат. Аны пенсиялык курактагы адамдардын 0,2 пайызы алышат. Пенсиянын орточо көлөмү 5 404 сом, эң азы - 2 миң сом.