Экс-башпрокурор Аида Салянова кармалган абакка дарыгер барып текшерүүдөн өткөрөт. Бул тууралуу кыйноолорго каршы Улуттук борбордон билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган борбордун кызматкерлери Салянованы 7-июнда көрүп келишкен. Тергөө изоляторундагы экс-башпрокурор ден соолугунун начарлаганына даттанган.
Ал эми ЖАМК кызматкерлерине карата арызданбаган. Салянова жүрөгү ооруп жатканын айтып, толук текшерүүдөн өтүшү зарылдыгын билдирген. Кардиограммадан өткөрүү жетишсиз деген, анткени ал кош жүрөк оорусу менен жабыркагандыктан, кардиограмма аны көрсөтө албайт. Мындан улам бүгүн ал кармалган абакка кардиолог келет.