Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаев ээлеген кызматынан  маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен бошотулду. 

 

 

Эске салсак, Шыгаев музейден Николай Сверчковдун калемине таандык "Ит менен ат" жана "Бакуниндин портрети" аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын бузуп салган  деп айыпталган.

 

Ал эми Шыгаев сүрөттөрдүн көчүрмөсүн жасаш үчүн алганын, аларды кайра калыбына келтире турганын айткан.