Салык төлөөдөн качуунун кезектеги схемасы аныкталды. Ага Республикалык наркология борборунда каттоодо тургандар тартылган.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, Талас облусунун Кызыл-Адыр районуна караштуу Сулуу-Маймак айылынын тургуну Абасбек уулу Датка (издөөдө жүргөн) Э.Э. жана М.С. Республикалык наркология борборунда каттоодо турган адам менен жолугушкан. Алар Сьездбек аттуу пиломатериал жана башка улуттук керектөөдөгү товарларды ташыган адамдын кызыкчылыгы үчүн иш кылышкан.
Наркология борборундагы ортомчулар аркылуу каттоодо турган адам менен байланышышкан. Ал аз акчага Мамлекеттик салык кызматына жеке ишкер катары каттоого тура калган. Андан кийин берки жарандарга ишеним кат жазып берген да, алар өз кезегинде ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн Кыргызстанга ээн-эркин товар ташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.
Жыйынтыгында, салык төлөмдөрү жүрбөгөндүктөн мамлекеттик бюджетке 65 миллион сомдук зыян келтирилген.
Ушул жылдын 7-апрелинде Э.Э. кармалып, абакта кармоо чечими чыккан. 17-апрелде экинчи шектүү колго түшкөн. Ал дагы абакка камалган. 3-майда схеманын үчүнчү катышуучусу кармалган.
Учурда кылмыштуу схеманын чыныгы уюштуруучулары аныкталууда, алардын катарында мамлекеттик кызматтарды жетектеген адамдар да болуп калышы мүмкүн.