Депутат Дастан Бекешев парламенттин "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Бджеттик резолюциясы жана 2021-2022-жылдарга прогнозу тууралуу" токтомун талкуулап жатып, документ чийки бойдон калганын байкады.
"Пункт өтө көп, бирок аны эч ким түшүнбөйт. Эгер биз бюджеттик резолюция жазууну билбесек, жазбай эле койгонубуз оң. Башка өлкөлөрдө бул кандай жасалаарын карасак болмок", - деди депутат.
Документтин авторлорунун бири, бюджет жана каржы комитетинин башчысы Эмил Токтошевге депутаттын айтканы жакпады.
"Эгер сиз билсеңиз эмнеге сунуш киргизбей унчукпай отурдуңуз?" - деди ал.