Кыргызстандын тоо-кен өндүрүшчүлөрүнүн жана геологдорунун Ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев коомдук угууда уран кенин казуу боюнча пикирин билдирди.
Айтымында, уранды иштетүү пайдага караганда, зыян көп алып келет.
"Бүгүн тоо-кен тармагында бирдиктүү саясат жок. Жыйынтыгында, ким эмне кааласа ошону жасайт. Жыйынтык- 2019-жылдын 1-январына карата 2,8 миң ар кандай лицензиялар берилген.
Уран-зыяндуу зат. Андан тышкары, уран иштетилип жаткан жердин экологиясы бузулат. Ысык-Көл союз мезгилинен бери эс алуу аймагы болгон, ошондуктан биосфералык аймак боюнча өзүнчө мыйзам кабыл алыш керек. Уран республикада кереги жок, анткени атомдук электростанциянын зарылчылдыгы жок. Уран иштетсек, экономикалык пайда жаралбайт. Анткени, калдыктарды жок кылууга миллиарддаган сом керектелет. Анан кийин ар кимден калдыктарды тазалаганга акча тилемчилеп калабыз", - деди Дүйшеев.