Абактагы коомдук ишмер Эрнест Карыбеков дагы деле жатак-колонияга которула элек. Саясий туткундарды коргоо боюнча Комитеттен билдиришкендей, адвокаттардын эсеби боюнча ал жакын арада, жарым жылдын ичинде жатак-колонияга которулушу мүмкүн. Бирок, ЖАМК өтүнүчтү канааттандырган эмес. 

 

Эске салсак, Эрнест Карыбеков саясатчылар Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров менен чогуу камакка алынган. Акыркы экөө жакында эркиндикке чыгышкан. А Карыбековдон бийликти күч менен басып алуу айыбы алынып, кылмышты жаап-жашыруу боюнча кылмыш ишинин негизинде 14 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Жогорку сот жаза мөөнөтүн 11 жылга кыскарткан.