Соцтармактардагы Жумгал районунун Кайырма айылында бала жоголуп, кийинчерээк өлүгү суудан табылганы, ички органдары алынганы белгилүү болгонун баяндаган маалыматтарды ӨКМ жалганга чыгарды.

 

ӨКМдан билдиришкендей, бул маалымат чындыкка дал келбейт. Ал эми жарыяланган фото жана видеолор Базар-Коргон районундагы издөө иштеринде тартылган. Ушул жылдын 19-апрелинде Жаңы-Акман айылында 2014-жылы туулган И.Э. аттуу тургуну жоголгон. Анын сөөгү 26-апрелде табылган.

 

Жумгал районунда бала жоголгону боюнча маалыматты Нарын ИИБи да төгүнгө чыгарды. Анда билдиришкендей, мындай факт район жана облус аймагында катталган эмес.


КР ИИМ   кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.