Аксы районундагы Мамадали Парпиев атындагы орто мектептин имаратынын курулушу табигый кырсыктан улам 3 айдын ичинде шашылыш бүткөрүлгөн. Курулушта начар сапаттагы материалдар колдонулгандыктан, азыр анда кандайдыр бир жыт чыгып, мугалимдер менен окуучулар эсин жоготуп койгон учурлар көбөйдү. Мектептеги жагымсыз жыттан ичине гүл өстүрүү да мүмкүн эмес. 

 

Бул тууралуу депутат Алмазбек Эргешов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

 

«Мен бул маселени такай көтөрүп келем, бирок азыркыга чейин чечилген жок. Ата-энелер балдарыбызды бул имаратта окутпайбыз, биз үчүн алардын ден-соолугу кымбат дешүүдө. Өкмөт бул маселеге жакшылап көӊүл буруп, быйылкы жылдын капиталдык салымдар тизмесине киргизип, жаӊы окуу жылы башталганга чейин жаӊы имарат куруп бериши керек. Ансыз балдардын билим алуусу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн», - деди депутат.