Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, Кажы-Сайдагы 1990-жылы курулган бала бакчанын имараты муниципалдык менчикке кайтарылды. Имараттын ббараз баасы 3 миллион 278,3 миңге бааланган.

 

Бала бакчанын имараты жер участогу менен бирге “Кыргызстан” федерациясынын жеке менчигинде турган. Ысык-Көл облусунун прокуратура кызматынын доо арызынын негизинде жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик акты жараксыз деп табылды.

 

Жергиликтүү сот кызматтары дагы эки бала бакчанын имаратын жана мектеп-интернатты мамлекеттин эсебине кайтарууну ниет кылышууда.