Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы  Медициналык комиссия  өлкөдөгү эӊ бир коррупцияга белчесинен баткан мекемелердин катарына кирет. Анын   айынан көптөгөн майып адамдар жөлөкпулдарын өз маалында ала албай, ашыкча убара болууда.

 

Бул тууралуу депутат Улугбек Ормонов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. Ал майып адамдарды "тономой" аракеттерди азыртадан токтотуу керектигин белгиледи: 

 

«Майып адамдар жөлөпул алуусун улантуу үчүн эки-үч жылда бир жолу Медициналык комиссиядан өтүп турушу керек экен. Ушунун  кереги барбы? Мисалы, тубаса майып адамдар медициналык кароодон бир жолу гана өтсө жетиштүү да. Буту кесилген адамдын жыл сайын кароодон өткөрүү зарылбы?  Эмне, кесилген бут бир жыл ичинде кайра өсүп калабы? Майыптардан бир нерсе үмүт этмей жосундардан азыртан арылыш керек», - деди эл өкүлү.