Бишкек мэриясы 8-марттагы жүрүшкө Кыргызстандын мыйзамдарына таянып уруксат берген. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов билдирди.

 

“Кыргызстандын Конституциясына ылайык эч ким жынысы, расасы, тили, этникалык теги, диний ишеними, курагы, саясий жана башка көз карашы боюнча дискриминацияга туш келбеши керек. “Тынчтык чогулуштар боюнча” Мыйзамынын негизинде мамлекеттик кызматтар жана жергиликтүү башкаруу кызматтары тынчтык жүрүштөрүнө тыбу сала албайт жана ар бир жарандын укугун сыйлоого милдеттүү”, - деп жооп берди мэр.

 

 Айтымынла, муниципалитет жана укук коргоо кызматтары мыйзамдын алкагында иш алып барышты.

 

“Кабардар кылган тараптын көрсөтмөсүндө эки маселе бар болчу: гендердик теңчилик жана үй-бүлөлүк зомбулук. Биз майрам күнү шаардын коомдук тартибин көзөмөлгө алдык. Эгер кандайдыр бир эреже бузуу болсо андан ары органдар териштирет. Мен болуп өткөн окуяга жеке жоопкерчилик ала алам”, - деди Суракматов.

 

Эске салсак, 8-мартта Бишкекте аялдардын укугун коргогон жүрүш болгон. Бирок, аялдардын укугун коргоого жамынган гей-парад экени ЛГБТнын желегин жана ураандары жазылган плакаттарды көтөргөн топтун кошулганынан улам байкалды.