Айдаркен ооруканасында, толугу менен жабдылган атайын бөлмөдө болочок энелер үчүн төрөткө жана ата-эне болууга комплекстүү даярдоо жүрөт. Мектептин максаты болочок энелер үчүн, оорууну жеңилдетүү жолдорун үйрөөтүү, төрөткө даярдоо, өзүнө өзү көмөк көрсөтүү жана ден соолугун калыбына келтирүү багытында окутууларды уюштуруу. Кош бойлуу аялдардын терс эмоциялары менен бирге эң негизгиси коркунуч сезимдерин жокко чыгаруу. Окутуунун жүрүшүндө балага кам көрүүдөгү жаңы жөндөмдүүлүктөргө, балага болгон мамилеге жанан эмизүүнүн ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулат.
«Чек арасыз дарыгерлер» проектинин жетекчиси Жиль Грандклемандын сөздөрүнө таянсак, Энелер Мектеби – баштапкы саламаттыкты сактоонун деңгээлинде, эне менен баланын ден соолугуна кам көрүүдөгү эң негизги компонент болуп саналат.
«Баткен областында 3 энелер мектеби бар, бирок алардын баары областык центрлерде жайгашкан – Кадамжай, Баткен жана Исфана шаарларында. Мындай мектептин Айдаркенде ачылып жатканына биз өтө кубанычтабыз», – деп Айдаркен жалпы дарыгердик практика борборунун директору Эмилбек Сулайманов белгилеп кетти. Жетекчинин сөзү боюнча, энелер мектеби өтө керек болчу жана атайын кош бойлуу аялдардын суранычы менен ачылды.
Окутуулар болжол менен кош бойлуулуктун 17чи жумасынан башталат. Энелер мектебине ҮДТнун акушер же гинеколог жолдомо берет. Төрөткө даярдоочу курсу 5 жумага созулат. Окутуулар болочок ата-эненин билимин өркүндөтүүчү теория бөлүгү менен бирге энени төрөткө даярдоочу практига бөлүгүнө бөлүнүп окутулат.
Ар бир сабак, өзүнө ар түрүү маалыматтарды камтыган видео, сурөттөр жана флипчарттардын коштоосунда өтөт. Ошондой эле «Чек арасыз дарыгерлер» Энелер Мектебинин практикалык сабактарына колдонулуучу – гимнастикалык топтор, йога менен машыгуу үчүн килемчелер жана куурчак манекендер менен касыздап берди.
«Чек арасыз дарыгерлер» өзүнүн дарыгерлери жана акушерлердин катышуусу менен ар кандай керектелүүчү материалдар менен камсыз кылып, техникалык колдоо көрсөтүп турат. Ошентсе да Энелер Мектеби толугу менен Айдаркен ооруканасынын балансында болот.
Тактама:
«Чек арасыз дарыгерлер» /«Врачи без границ»/ Médecins Sans Frontières (MSF) – эл аралык көз карандысыз гуманитардык медициналык уюм. Бул уюм куралдуу чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жапа чеккен, ошондой эле саламаттыкты сактоо кызматтарын пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жок адамдарга ыкчам жардамы менен камсыз кылат. 2016 жылы «Чек арасыз дарыгерлер» жергиликтүү калктын сапаттуу саламаттыкты сактоо кызматтарынан жеткиликтүү пайдалануусун жакшыртуу максатында Айдаркен шаарында өз иш чараларын баштаган. «Чек арасыз дарыгерлер» уюму Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министирлиги менен биргеликте, жугуштуу эмес оорууларды даарылоодо, ошондой эле эне менен баланын ден соолугуна кам көрүүдөгү баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүдө тыгыз байланышта иштеп келе жатат. MSF жергиликтүү калкты бекер дары-дармек менен камсыз кылып, саламаттык сактоо кызматкерлерине тренингтерди уюштуруп, санитардык түшүнүрүү иштерин өткөрүүдө.