Учурда Коомдук каналдын башкы директорлугуна сынак жарыяланды. Бул тууралуу аталган каналдын сайты жазып чыкты.

 

Илим Карыпбековдун башкы директорлук ыйгарым укугу март айынын орто ченинде аяктайт. Бирок, мыйзам боюнча анын дагы бир мөөнөткө калууга укугу бар. Анткен менен ал азырынча экинчи мөөнөткө калуу-калбастыгын бир жактуу чече элек.  Айтымында, ал үчүн экинчи мөөнөт эмес, биринчи мөөнөтүн татыктуу соңуна чыгаруу маанилүү.

 

Сынактын шартында, башкы директорлукка талапкер мамлекеттик тилди мыкты билген, жогорку билимдүү, КТРКнын өзгөчөлүгүн, теле жана радионун сырларынан жакшы кабардар жана коомдук саясий, диний уюмдардын катарында болбогон адам болушу шарт. Ошондой эле жетекчилик кызматтарда беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болууга тийиш.