
Бишкектин Панфиов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги 173 – үйдө батареялар муздак бойдон калууда. Жылуулук жетиштүү берилбей жатат.
Бул тууралуу соцтармакка Бишкек шаарынын тургуну Юлия Шайхутдинова жазып чыкты.
Анын жазганына караганда, батареялардын өйдөңкү тарабы гана бир аз жылуурак, мындан улам үйдүн ичи суук. Бишкек жылуулук тармагына бир жумадан бери үйдүн жашоочулары телефон чалып, көйгөйлөрүн айтып жатышат, бирок алар эч кандай аракет көрүшпөдү.
“Элди качанкыга чейин кыйнашат? Биз акчаны эмнеге төлөп жатабыз?” – деп суроо салган тургун.
Ушундай эле арыз менен “Аламедин 1” кичирайонунун тургундары да кайрылышкан.