Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба Мамлекеттик агенттиги абанын сапатын текшерүүчү автоматтык станцияны сатып алууга жана орноштурууга тендер жарыялады. Баасы отуз сегиз миллион сом.

 

“Дистрилаб” ТОО станцияны орнотуу баасын 36, 4 миллион сомго баалады, «Капитал УНИ»  ЖЧКсы 36,5, «Проманалит»  ТОО 33,9, ал эми «Интертек Казсервис»  ТОО 33,6 миллион сом деп белгиледи.

 

 Автоматтык станция Бишкектеги экологиялык кырдаалды жакшыртууга жана абанын сапатын аныктоого багытталат.