Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ушул жылдын январь айынан тартып 134 оорулуу гемодиализ алуунун жеңилдетилген түрүнө өтүштү. Жалпысынан бүгүнкү күндө 554төн ашуун кыргызстандык гемодиализди бюджеттик негизде алып келишет. Ал эми 134 оорулуу да январдын биринчи күнүнөн тартып милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун линиясы боюнча жеңилдетилген түрүнөн ала башташат.