Парламенттин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал өзү билдирди.
Айтымында, ал экс-президенттин "Апрель" телеканалына берген маегиндеги билдирүүсүнө нааразы болууда. Белгилей кетсек, Атамбаев Келдибековдун коррупциялык иштери тууралуу айткан. "Келдибеков менен Түлеев мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүшүп, мультимиллионерлерге айланышты, эми Атамбаевди камаш керек деп кыйкырып жатышат. А жаңы бийлик уурулар жана ушакчылар менен тил табышып жатат", - деген.
"Бул билдирүүсү менен менин ар-намысыма шек келтирди. Алмазбек Атамбаевди сотко берем жана аны калп маалыматы үчүн жоопко тартууну талап кылам", - деди Келдибеков.