Бүгүн, 5-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

 

Азыркы учурда маалымат каражаттары коомдун социалдык-экономикалык өнүгүшүндө өзгөчө таасирге ээ болуп жатканын айткан Төрага Дастанбек Жумабеков, бейтарап маалымат алмашуусуз укуктук мамлекет түзүү мүмкүн эмес экендигин кошумчалады. Ошондой эле Төрага Кыргызстандын бардык жарандарын, анын ичинен өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган мекендештерди керектүү маалымат менен камсыздоодогу журналисттердин ролун баса белгилеп, аларга ыраазычылык билдирди.

 

Кошумчалай кетсек, майрамдык иш-чаранын алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын бир катар өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жана энчилүү сааты менен сыйланды.