Биринчи май райондук соту экс-вице-премьер- министр Дүйшөнбек Зилалиевди үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Чечим жарыялангандан кийин айыпталуучу буга макул эместигин айтып, чечимдин үстүнөн Бишкек шаардык сотуна даттанаарын билдирди. 

 

Дүйшөнбек Зилалиев былтыр президенттин иннагурациясы болуп жаткан маалда жолдо турган курсант кызга "бомба коюлду" деген жалган маалымат бергени үчүн айыпталууда. Экс-вице-премьер-министр болсо бомба коюлганын айтпаганын, ал жөн гана курсант кызга тийишип "формаңызды оңдоп алыңыз", - дегенин айтып келүүдө.