Кыргызстандын түштүк башкалаасында бир жаран тогуз жашар кызын чынжыр менен бутунан байлап, үйүндө күчтөп кармап келген. Ошондуктан, ага карата Кылмыш жаза Кодексинин 161-беренеси (Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду.

 

- 5-октябрда Ош шаарындагы эс алуу багынын биринде бутунда чынжыр байланган кыз жүргөндүгү жөнүндө милицияга кабарлашкан. Ал жерге ыкчам-тергөө тобу жетип барып, тогуз жаштагы кыздын бутунда кулпу менен бекитилген чынжыр бар экендигин аныкташты. Тергөөнүн жүрүшүндө тастыкталгандай, кыз тушалган боюнча сыртка чыгып кеткен. Бир бутундагы чынжыр болт менен бекитилгендиктен аны оңой эле чыгарып алган. Ал эми экинчи бутундагы чынжыр кулпулангандыктан, чыгара албай жүргөн экен, — деп кошумчалады Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Замирбек Сыдыков.

 

Баса, окуянын чоо-жайын териштирүү маалында аны атасы көчөгө таптакыр чыкпасын деган максатта чынжыр менен тушап салгандыгы аныкталды. Ошондуктан, бул фактынын негизинде Кылмыш жаза Кодексинин 161-беренеси (Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду. Ушул тапта тергөө жараны кызыды.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз