Редакциябызга тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн атын атабоону суранган адам кайрылып, бала сатуу боюнча камакка алынган гинекологдун  айрымдарына бир беткей каралоо башталганын билдирди.

 

“Камакка алынган гинеколог-адистер эмгек жамаатында иш билгилиги, мыкты кесипкөйлүгү менен өзгөчө сыйга татыган, ар-намысты, абийирди жогору койгон адамдар. Алар эч качан бала сатуу менен алектенген эмес. Себеби, үч жолку төрөгөн баласы катарынан чарчап калып, өзүн асып өлтүрүүгө аракет кылган аялдын апасынын өтүнүчү менен баласынан “баш тарткан энелер болсо, баланы асырап алчулар бар экен” деп бир гана жолу телефон чалып, сурап койгону үчүн бала сатуу боюнча шектелип, ал тургай “адам сатуу” деген оор берене менен камакка алынганы адилеттикке жатпайт. Ишин сүйгөн, көп аялдарды дарылап, балалуу болушуна шарт түзгөн гинекологдун камакка алынышы айлабызды кетирип турганда айрым журналисттердин көбүртүп-жабыртып, ойго келбеген, түшкө кирбеген нерселерди  жазууга жол беришкени бизди ого бетер ойго салды. Жок дегенде тергөө бүткөнчө бир беткей каралабай турса,  сенсация издеп коомчулукту дүрбөлөңгө салбай турушса жакшы болот эле. Ошон үчүн бала сатуу боюнча сөз кылганда журналисттер да кичине ойлонуп жазса жакшы болот эле. Эгер журналисттер ал теманын ийне жибине чейин иликтеп жазгысы келсе, жасалма документ жасап алып, башынан бала сатуу менен алек болгондордун атын аташсын. Болбосо бала сатуу менен шугулданбаган, кесибин сүйгөн гинекологдорду жазууда сак болушса болот эле. Анткени, алар ак эмгеги, маңдай тери менен үй-бүлөсүн багып келе жаткан гинекологдорду моралдык жактан ого бетер сындырып жатышат”- дейт маектешибиз. Аталган маселе боюнча иликтөө гезитибиздин кийинки санында...

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити