Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы бүгүн, 24-августта Биринчи май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу экс-мэрдин адвокаты Сергей Селсарев билдирди. 

 

Кулматов мэр болуп турганда жаңы конуштарга мектеп курууга бөлүнгөн каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланган деп айыпталууда. Ал 5-июнда 28-июнга чейин камакка алынган. Баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту караган. Кийинчерээк сот анын камактагы мөөнөтүн 28-августка чейин узарткан.